16.09.2019 21:46

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу учурунда бир кыргыз жоокери каза тапты

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу учурунда бир кыргыз жоокери каза тапты

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу учурунда бир кыргыз аскер кызматкери каза тапты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ок атууну тажик тарап баштаган. Алар Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат чек ара постун, кийин Сай убактылуу постун аткылашкан. 

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, бир кыргыз жоокери каза тапты. Саат 21:30га карата ок атышуу токтоду», -деп айтылат маалыматта. 

Учурда Кыргызстан жана Тажикстан чек ара кызматынын өкүлдөрү чатактын ырбап кетүүсүнө жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Чатактын чыгышына тажик жаранынын чек аранын тактала элек жеринде курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Буга жооп катары кыргыз жараны ошол жерде жайгашкан үйүнүн тегерегин курчап баштаган. 

Эки мамлекеттин Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, эки жактын тең курулуш иштерин токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок жетишилген келишимге карабастан Тажикстан жарандары иштерин уланткан. Муну көргөн кыргыз жараны да курулушун уланткан. 

Болжол менен саат 19:30 чамасында тажик аскерлери одоно түрдө кыргыз жаранынан курулушун токтотууну талап кылышкан, сөздөн уруш чыгып, акыры ок атышуу келип чыккан.